Индияда медициналык окуу жайларга кирүү үчүн өткөрүлүүчү сынак маалында Telegram мессенжеринин ишине чектөө киргизилди. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн Билим берүү министрлигине таянып билдирди.
Буга сынактын суроолору алдын ала Telegram аркылуу тарап кеткени себеп болгон.
Медициналык жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн негизги сынак май айында өтмөк. Бирок экзамендин суроолору Telegram’да жарыяланып кеткендиги аныкталгандан кийин ал жокко чыгарылган.
Өкмөт кайра өткөрүлүүчү сынакты 21-июнга белгиледи.
Бийлик Telegram’дын бөгөттөлүшү жүз миңдеген адамдарга таасир этерин белгилеп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн өкүнүчүн билдирген. Ошол эле учурда өкмөт бул акыркы чара болгонун, анткени платформадан тиешелүү контентти өчүрүү боюнча мурдагы аракеттер натыйжа бербегенин айткан.
Азырынча "Telegram" компаниясы бул чектөөлөр боюнча расмий комментарий бере элек.