Биз социалдык тармакта

Баткенде чек арадан малды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылгандарга карата курал колдонулду

Бүгүн, 16-июнда Баткен районундагы Курук-Сай аймагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жарандар аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки кыргыз жараны түндө 17 баш ири мүйүздүү малды жана бир атты Тажикстанга мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылышкан. Бул үчүн алар чек арадагы тосмо зымдарды кесип салышканы аныкталган.

Кармоо учурунда алар чек арачыларга каршылык көрсөтүшкөн. Мындан улам чек арачылар асманга эки ирет эскертүү иретинде ок чыгарып, каршылык токтобогондо курал колдонууга аргасыз болушкан. Натыйжада мыйзам бузгандардын бири бутуна ок тийип, жаракат алган.

Жабыркаган адам ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Алар ИИМге өткөрүлүп берилген.

Териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан