Мындан туура 20 жыл мурун аргентиналык футбол жылдызы Лионель Месси футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда алгачкы оюнун өткөргөн. Ал кезде 18 жаштагы Месси Сербия жана Черногорияга каршы беттеште 16 мүнөттүн ичинде гол киргизип, голдук топ да узаткан.
2006-жылдагы ошол оюндан бери Месси Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы эң көп гол жана топ чыгарып берген футболчу болуп, эки жолу турнирдин эң мыкты оюнчусу аталган. Ошондой эле ал Аргентина менен дүйнө чемпиону болгон.
Эртең, 17-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 06:00дө Аргентина курамасы титулун коргоону баштап, Алжир менен беттешет. Бул оюн Мессинин Дүйнө чемпиондугундагы алтынчы турниринин башталышы болот.