2026-жылдын январь-май айларында Өзбекстанга 5 миллион 351 миң 868 чет элдик турист барды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Улуттук статистика комитетине шилтеме берип жазышууда.
Маалым болгондой, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 1,1 миллион адамга же 27,3 пайызга көп. Эң көп турист Кыргызстандан барып, беш ай ичинде алардын саны 1 миллион 539 миң 503 адамды түздү.