Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Мажид Тахт-Раванчинин айтымында, АКШ тарабынан Иранга каршы киргизилген деңиз блокадасын алып салуу процесси башталып, практикалык баскычка өттү.
Кечээ, 15-июнда АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен түзүлгөн келишим тууралуу билдирүүдөн кийин америкалык деңиз блокадасын алып салууга уруксат бергенин жарыялаган.
Ошол эле күнү кечинде ирандык маалымат каражаттары үч мунай танкери жана биринчи керектөөдөгү товарларды ташыган эки кеме эл аралык суулар аркылуу тоскоолдуксуз өткөнүн маалымдашты.
Иран менен АКШ 15-июнга караган түнү өз ара меморандум боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын билдиришкен. Документке 19-июнда Швейцарияда кол коюлары күтүлүүдө. Иран тараптын маалыматына ылайык, меморандум бардык фронттордогу, анын ичинде Ливандагы аскердик аракеттерди токтотууну карайт.