Социалдык тармактарда Чүй облусунун Сосновка айылындагы эс алуу жайларынын биринде тартылган видео тарады.
Тасмада топ адамдардын ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө бир эркек киши экинчисин бетке урганы көрүнөт.
Айрым маалымат каражаттары жаңжалга Жайыл жана Москва райондорунун прокуратура кызматкерлери да катышкан болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө. Азырынча бул жагдай боюнча расмий маалымат бериле элек.