Бишкектеги үйлөрдүн биринде порно тарып, интернет аркылуу жайылтканга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Спецназдар үйгө терезеден кирип барып, тинтүү жүргүздү. Анда маанилүү болгон техникалык түзүлүштөр жана башка буюмдар алынып, бир нече жаран кармалды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган С.К. аттуу жаран кармалды. Тергөө иш-чаралары улантылууда.