Бишкектеги эс алуу жайларынын биринде роботтор балдар менен ойноп жатканы боюнча видео социалдык тармактарга тарады.
Тасмада робот балдарга карате ыкмаларын үйрөтүп, кыймылдарын көрсөтүп жатканын, ал эми робот ит жанында басып жүргөнүн көрүүгө болот. Балдар болсо бул көрүнүшкө кызыгуу менен реакция кылып, роботтор менен ойношууда.