16-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында мамлекеттик чек араны кайтаруу жана мамлекеттик күзөт тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысы Мирзамир Сыдыков документ мамлекеттик чек араны коргоо системасын жана мамлекеттик күзөт органдарынын ишин өркүндөтүүгө багытталганын билдирди.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мамлекеттик күзөт органдарына аныктоо органынын ыйгарым укуктарын берүү башка укук коргоо органдарынын функцияларын кайталоого алып келбейби деген суроо берди. Баяндамачы мындай ыйгарым укуктар мыйзамда каралган компетенциянын чегинде гана ишке ашырыларын айтып, функциялар кайталанбай турганын белгиледи.
Мындан тышкары комитет мүчөлөрү 2025-жылдын 4-декабрында Исламабадда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасы ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда карап, колдошту.
Бул маселе боюнча маалымат берген башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева макулдашуу жарандардын укуктарын коргоого, эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жана соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча укуктук базаны бекемдөөгө багытталганын айтты.
Талкуу учурунда депутат Чолпон Эсенаманова Пакистанда учурда Кыргызстандын 18 жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатканын белгилеп, алардын канчасы мекенине өткөрүлүп берилгенине кызыкты. Ал эми депутат Улан Бакасов оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон Пакистандын жарандары өз өлкөсүнө өткөрүлүп берилбеши керек деген пикирин билдирди. Депутат Жаныбек Аматов болсо соттолгондорду өткөрүп берүү тартиби жана макулдашууну ишке ашыруу механизмдерине байланыштуу суроолорун узатты.