Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Сейшел аралдары инвестициялык кызматташтыкты талкуулашты

Юстиция министри Аяз Баетов Сейшел Республикасынын финансы, экономикалык пландаштыруу, соода жана инвестициялар министри Пьер Лапорт менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү, финансылык жана инвестициялык инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле тараптар финансы, инвестиция жана салык тармактарындагы кызматташууну кеңейтүүгө, эл аралык финансылык кызматтарды жөнгө салуу боюнча тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти.

Жыйынтыгында Кыргызстан менен Сейшел Республикасы өнөктөштүк мамилелерди бекемдеп, өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан