Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев капиталдык оңдоодон өтүп жаткан билим берүү мекемелерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Шаар башчысы №38 Барпы Алыкулов атындагы мектеп-гимназияда, №41 Хабиб Абдуллаев атындагы орто мектепте, ошондой эле «Таң шоола» жана «Топ жылдыз» бала бакчаларында болуп, аткарылып жаткан иштерди көрдү.
Мэр объектилерди жаңы окуу жылына чейин толук бүтүрүп, пайдаланууга берүүнү тапшырды. Ал курулуштун темпин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
Учурда Ош шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын 16сы мамлекеттик, 4ү жеке менчик мектептер. Мындан тышкары, 4 жаңы бала бакча салынып, дагы 3 бала бакча капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.
Шаар бийлиги окуучулардын санынын өсүшүнө байланыштуу жаңы мектептерди жана кошумча окуу корпустарын куруу зарылдыгы бар экенин белгиледи.