Кечээ, 16-июнда Өзбекстанга жумуш сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.
Анда Касымалиев Мирзиёевге президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоп, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлор жана демилгелер жигердүү илгериленип, аймактар аралык кызматташуу өнүгүп, тиешелүү “жол карталарында” бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы сүйлөшүлдү.
Кыргызстан менен Өзбекстандын катышуусунда көп тараптуу маанилүү окуялар белгиленген. Аларды уюштуруп өткөрүүгө кыргыз тарап активдүү даярдыктарды көрүп жатканы жана анын алкагында бир катар документтерге кол коюлары айтылды.
Айта кетсек, эки тараптуу жолугушуу Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алкагында өткөрүлдү.