Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Месси Дүйнө чемпиондугунда биринчи ирет хет-трик жасады

Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси 17, 60 жана 76-мүнөттөрдө гол киргизип, Дүйнө чемпиондугунда алгачкы ирет хет-трик жасады. J тайпасынын биринчи айлампасында Аргентина Алжир менен ойноп жатат.

Месси төрт гол киргизүүгө аракет кылган, бирок оюндун 5-мүнөтүндө анын дарбазага киргизген тобу офсайддан улам эсепке алынган жок.

80-мүнөттө орун алмашуу болуп, Мессинин ордуна жарым коргоочу Нико Пас чыкты.

Бул хет-трик Мессинин Аргентина курама командасындагы голдорунун санын 120га жеткирди. Ошондой эле анын профессионалдык карьерасындагы голдорунун саны 914кө жетти.

Дүйнө чемпиондугунун J тайпасында Аргентинанын башка атаандаштары Австрия жана Иордания курама командалары болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан