
Ош облусунун Өзгөн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 15-июнда саат 23:30 чамасында райондук милицияга 22 жаштагы Э.С. аттуу жаран денесинен алган жараатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде (Адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, маркум Т.Р. аттуу классташы менен сүйлөшүп жатып пикир келишпестик жаралып, сөз талаша кетишкен. Ошол маалда Т.Р. колундагы учтуу нерсе менен күтүүсүздөн Э.С.нын көкүрөк тушуна 2 жолу сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада Э.С. ооруканага жетпей каза болгондугу маалыматта кошумчаланды.
Издөө иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган Т.Р. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары уланууда.