Биз социалдык тармакта

Катардын эмири Иран-АКШ келишими боюнча пикирин айтты

Катардын эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани Иран менен АКШнын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал АКШ лидери Дональд Трамп менен Франциядагы жолугушуусунда айткан.

Анын айтымында, келишимге кол коюлгандан кийин дагы жөнгө салуу процессин толук аяктоо үчүн көп иштер жасалышы зарыл.

"Бул абдан маанилүү келишим. Бирок алдыда дагы көп иштер турат", — деген ал Трампка жолукканда.

Ошол эле учурда эмир эгер сүйлөшүү процесси ийгиликтүү аяктаса, Жакынкы Чыгыштагы абал турукташарын белгилеген. Ал Иран менен түзүлгөн бул келишим үчүн Трампка ыраазычылык билдирип, америкалык лидер туура чечим кабыл алганын белгиледи.

Эске салсак, Иран менен АКШ 15-июнга караган түнү өз ара меморандум боюнча сүйлөшүүлөр аяктаганын билдиришкен. Документке 19-июнда Швейцарияда кол коюлары күтүлүүдө. Буга удаа АКШ Ормуз кысыгындагы деңиз блокадасын ала баштаганы айтылды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан