2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун J тайпалык баскычындагы алгачкы оюнда Аргентина курама командасы Алжирди 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңди.
Беттештин башкы каарманы Лионель Месси болуп, ал үч гол киргизип хет-трик жасады. Жана ал бул оюндун мыктысы болду.
Эскерте кетсек, Аргентина тайпадагы кийинки беттешин 22-июнда Австрияга каршы өткөрөт. Ал эми Алжир 23-июнда Иордания менен күч сынашат.