Тышкы иштер министрлиги Орусияда чет өлкөлүк жарандарга карата медициналык кароодон өтүү талаптары күчөтүлгөнүн маалымдайт.
Ага ылайык, медициналык кароодон өтүүдөн баш тарткан же андан качкан чет элдик жарандарга 25 миңден 50 миң рублга чейинки административдик айып пул салынат жана өлкөдөн административдик түрдө чыгарылышы мүмкүн. Эгерде айып пулду белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, 2 эсе айып пул салынып, милдеттүү түрдө өлкөдөн чыгарылат.
Мындан тышкары жасалма медициналык маалымдамаларды жасаган жана саткандар үчүн да кылмыш жоопкерчилиги каралган.
Министрлик 1-сентябрдан баштап Орусияда 90 күндөн ашык болууну пландаган жарандар өлкөгө киргенден тартып 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү экендигин эскертет.