Былтыр Жеңиш чокусунун аймагында куткаруу операциясы учурунда
жабыркаган Ми-8 тик учагына камсыздандыруу төгүмү төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, тик учак 2024-жылы камсыздандырылган. Буга байланыштуу Коргоо министрлигине 253 миллион 885 миң 310 сом өлчөмүндө компенсация берилди.
"Бул Кыргызстандын камсыздандыруу тарыхындагы эң ири камсыздандыруу төлөмү болуп калды", - деп билдирди мекеме.