Ысык-Көл облустук милициясы "Асман" шаары курулушунда сабалды делген котормочу кыздын окуясы боюнча үн катты.
SUPER.KG порталына берген маалыматында котормочу кыз арыз менен милицияга кайрылганын билдирди. Анда Л.Ю. аттуу чет өлкөлүк жаран анын аброюна шек келтирип, түкүрүп жана бейбаштык аракеттерди жасагандыгы жазылган.
Учурда аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуяга тиешеси бар 1980-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Л.Ю. жана күбө адамдар суракка алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.
Эскерте кетсек, котормочу кыз 27 жашта. Учурда ал кол салган жаран кыз жашап жана иштеп жаткан аймакта жүргөнүн айтып, коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатканын билдирүүдө.