Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттөн бала бакчада иштеген медицина кызматкерлеринин статусун карап берүүнү суранды. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 17-июнундагы жыйынында айтты.
"Алардын статусу техникалык кызматкерлер менен тең болуп калды. Ал эми мектептеги медайымдар Саламаттык сактоо министрлигинен дарыгер катары айлык алып жатышат.
Бала бакчада иштеген медайымдар: "Биз эмнеге каралбай жатабыз? Эмнеге биз билим берүү системасы аркылуу айлык алуудабыз?" деп сурап жатышат", - деди депутат.
Эл өкүлү аталган маселе боюнча өкмөткө кайрылып, алардын статусун кайрадан карап чыгууну сунуштады.