Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы кызматкери Азамат Дыйканбаев кармалып, камакка алынганы кабарланды.
Аскер прокуратурасы билдиргендей, Д.А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4.4 бөлүгү (Кызмат абалынан пайдалануу менен алдамчылык кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.
Айрым басылмалар ал УКМКнын мурдагы төрагасы
Камчыбек Ташиевдин күйөө баласын экенин жазып жатышат.