Бишкекте улгайган жарандарды алдап жүргөн деп шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 71 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, Жаш Гвардия бульварындагы банкоматтардын биринен акча алып жаткан учурда бейтааныш адам жардам сунуштаган. Кийин ал пенсионердин банктык картасын билинбей башка картага алмаштырып кеткен.
Андан соң шектүү карыянын картасынан башка банкомат аркылуу 13 миң сом чыгарып алган.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 21 жаштагы А.И. аттуу жаран кармалган.
ИИМ кармалган адам ушул сыяктуу башка алдамчылык фактыларына да тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Буга байланыштуу анын аракетинен жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0701 001 708 жана 0508 088 988 телефондору аркылуу милицияга кайрылса болот.
Учурда тергөө иштери уланууда.