Баткен шаарында интернет аркылуу мыйзамсыз лотерея оюндарын уюштуруу фактысы аныкталды.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, Баткен районунун 33 жаштагы тургуну YouTube аркылуу жарандарды "Баткен-Сила" аттуу лотереяга катышууга чакырып жүргөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында уюштуруучу милицияга жеткирилип, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, административдик чаралар көрүлдү.
Укук коргоо органдары лотерея компаниясынын расмий лицензиясы жок экенин белгилеп, жарандарды мыйзамсыз оюндарга катышпоого жана алдамчылардын тузагына түшүп калбоого чакырды.