Бишкек-Ош унаа жолунун 270-чакырымында таттуу азыктарды ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ЖКККББнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 34 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Жүк ташуучу унаада 20 тонна кондитердик азык-түлүк болгон.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарады. Кырсыктын себептери такталууда.