
Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинде бардык мечиттердин имамдарына бирдиктүү атайын расмий формалар берилди.
Муфтияттан маалымдашкандай, имамдардын бирдиктүү формага өтүүсү Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закировдун демилгеси менен жүгүзүлгөн. Ал дин кызматкерлеринин сырткы маданиятын, кийинүү адебин иретке келтирүү жана бирдиктүү стандартты калыптандыруу максатында ишке ашкан.