Ташкентте өткөн бешинчи эл аралык инвестициялык форумда (TIIF 2026) АКШдан 193 компаниянын өкүлдөрү катышты. Бул АКШ-Өзбекстан мамилелеринин тарыхындагы эң ири бизнес делегация болуп калды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазды.
Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратовдун айтымында, бул көрсөткүч “абсолюттук рекорд” болуп саналат жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жаңы деңгээлин көрсөтөт.
Форум алкагында АКШ менен Өзбекстан ортосунда өнөр жай, мунай-газ, каржы, авиация, геологиялык чалгындоо, спутник байланыш жана санарип инфраструктура багыттарында бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.
АКШлык бизнес Өзбекстанды жөн гана сатуу рыногу катары эмес, узак мөөнөттүү инвестициялык өнөктөш катары көрүп жатканы белгиленди.
Форум алдында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын ири компанияларынын өкүлдөрү - Boeing, Visa, JP Morgan, Meta сыяктуу корпорациялар менен жолугушуу өткөрүп, энергетика, металлургия, каржы жана жасалма интеллект багытындагы долбоорлор талкууланды.