Биз социалдык тармакта

Трамп G8ге Орусияны кайра кошуу маселесин сынга алды

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияны “Чоң сегиздиктен” (G8) чыгаруу туура чечим болгонбу деген күмөнүн билдирди.

Анын айтымында, мурда “Чоң сегиздик” деп аталган өлкөлөрдүн тобу азыр “Чоң жетиликке” (G7) айланып калган.

“Францияда сонун жолугушуулар болгон. Мурда “Чоң сегиздик” болгон өлкөлөр азыр “Чоң жетилик” болуп калды. Бул туура чечим болгонбу билбейм, бирок азыр G7 болуп калды”, - деди Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушууда.

Трамп буга чейин да G7 лидерлерин сынга алып, Орусияны чыгаруу “ката чечим” болгонун жана алардын жолугушууларынын көп бөлүгү Орусия тууралуу талкуулар менен өткөнүн айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан