Биз социалдык тармакта

Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топко катышы бар деп шектелген жаран кармалды

Ички иштер министрлигине Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын Свердлов облусунда адам уурдоо, тоноо жана каракчылык сыяктуу оор кылмыштарга тиешеси бар адамдар тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош шаарында аталган топко тиешеси бар деп шектелген 1975-жылы туулган С.З. аттуу жаран кармалган.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын жанынан жеке тинтүү учурунда 9,3 грамм гашиш табылып алынган.

Ошондой эле соттун санкциясы менен анын үйүн тинтүү учурунда РГД жана Ф-1 үлгүсүндөгү гранаталар, Калашников автоматына тиешелүү ок салгыч жана 7,62 мм калибриндеги 22 даана ок табылган.

Учурда кылмыш иши боюнча бардык жагдайларды тактоо, топтун башка мүчөлөрүн аныктоо жана алардын башка кылмыштарга катышын текшерүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан