Ливандын түштүгүндө жардыруучу зат орнотулган учкучсуз учактын (дрондун) чабуулунан Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) беш аскери ар кандай деңгээлде жаракат алды. Бул тууралуу армиянын басма сөз кызматы билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бир аскер оор жаракат алып, эки аскер орточо деңгээлде жабыркаган. Дагы эки аскер жеңил жаракат алган.
Ошол эле учурда АКШ менен Ирандын ортосунда даярдалган өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга 19-июнда Швейцарияда кол коюлары күтүлүүдө. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин айтымында, документте бардык фронттордо, анын ичинде Ливандагы аскердик аракеттерди токтотуу каралган.
Буга карабастан Израил бийлиги АКШ менен Ирандын макулдашуусу күчүнө кирсе да, Ливандын түштүгүндөгү буфердик аймактан өз аскерлерин чыгарбастыгын билдирген.