Ош шаарында “Бий искусствосу – 2026” IV эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, Кытай жана Румыниядан келген бий жамааттарынын өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фестивалдын ачылышына Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова катышып, конокторду куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Фестиваль ар түрдүү өлкөлөрдүн бий өнөрүн бир аянтчага чогултуп, маданий байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана улуттук мурастарды жайылтууга багытталган. Анын алкагында концерттик программалар жана чыгармачылык жолугушуулар өтөт.