Биз социалдык тармакта

Марлен Маматалиев дин жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда агенттиктин алдыдагы иш пландары, дин жана этностор аралык мамилелер тармагындагы артыкчылыктуу багыттар, ошондой эле мыйзам чыгаруу демилгелери талкууланды.

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеш коомдун руханий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө багытталган мыйзам долбоорлорун колдоого даяр экенин белгиледи. Ал Кыргызстан светтик жана көп конфессиялуу мамлекет экенин айтып, диний маселелерге байланышкан бардык демилгелер кылдат жана ар тараптуу изилденүүгө тийиш экенин баса белгиледи.

Ошондой эле төрага кыргыз эли кылымдар бою ханафий мазхабын карманып келгенин белгилеп, салттуу диний баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү маанилүү экенин айтты. Мындан тышкары дин саясий процесстерге жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишпеши керектигин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан