Футбол боюнча Өзбекстандын улуттук курамасы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын биринчи турунда Колумбиядан 1:3 эсебинде утулду.Мехико шаарында өткөн беттеште Колумбиянын курамынан Даниэль Муньос, Луис Диас жана Хаминтон Кампас гол киргизишти. Өзбекстандын жалгыз голун Аббосбек Файзуллаев киргизип, өлкөнүн Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы алгачкы голунун автору болду.
23-июнда өтүүчү экинчи айлампада Колумбия Конго менен, ал эми Өзбекстан Португалия менен беттешет.