Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын мэриясында коррупциялык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 18-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, 2024-2025-жылдары 32 үй-бүлөгө ылайыкталган көп батирлүү турак үйдүн курулушу аяктаган. Текшерүүнүн жыйынтыгында тендер өткөрүү тартибинде, курулуш нормаларын көзөмөлдөөдө жана атайын техникалык корутундуларды даярдоодо мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталган. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 9 миллион 985 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Анын алкагында Кара-Көлдүн мурдагы мэри, муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы, муниципалдык менчик башкармалыгынын курулуш боюнча мурдагы адиси, курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу адис кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.