
Кыргызстан Албания менен кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар. Бул тууралуу президент
Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Албаниянын өлкө башчысы
Байрам Бегай менен жолугушууда айтты.
Президенттин айтымында, эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери 1992-жылы түзүлгөн. Азыр эки тараптуу кызматташтык калыптануу баскычында турат.
“Кыргызстан Албанияны Европадагы маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары тааныйт. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарбыз”,- деди президент.

Ал эми Бегай өз сөзүндө Кыргызстанды жакында БУУнун туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганы менен куттуктады.