Биз социалдык тармакта

Филармониянын кызматкерлери мамлекетке 3 миллион сомго чейин зыян келтиргени айтылууда

Жалал-Абад облусунда Токтосун Тыныбеков атындагы облустук филармониянын жооптуу кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө мыйзам бузууларга жол берилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда УКМКнын маалымат борбору билдирип, текшерүүнүн жыйынтыгында 2 миллион 795 миң 400 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени такталганы кошумчаланды.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында филармониянын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Ж.Д.,башкы эсепчиси М.Д. жана товар жеткирүүчү Н.К. кармалды.

Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан