УКМК Кара-Көл шаарындагы көп батирлүү турак үйдүн курулушунда мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-2025-жылдары жүргүзүлгөн иштерде тендер өткөрүү тартиби, курулуш нормалары жана техникалык көзөмөл боюнча мыйзам талаптары бузулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 9 миллион 985 миң 400 сом зыян келтирилгени такталды.
Анын негизинди Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду. Анын алкагында кармалгандар:
Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда.