Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Колумбияга каршы Дүйнө чемпиондугунда алгачкы оюнун өткөргөн өлкөнүн улуттук курама командасын колдоого алды.
"Бул Өзбекстан үчүн тарыхый күн. Футболчуларыбыз күчтүү мүнөзүн көрсөтүштү. Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы голубуз дагы өзүнчө жеңиш",- деди ал.
Мирзиёев оюнчуларды заманбап Өзбекстандын баатырлары деп атап, аларга ийгилик каалады.
Эске салсак, Өзбекстан биринчи турда Колумбияга 1:3 эсебинде жеңилип, тарыхындагы алгачкы голду Аббосбек Файзуллаев киргизди.