Жогорку Кеңеште органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
Анда топурак таануу илимий-изилдөө институтун түзүү, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү, сапатын көзөмөлдөө жана фермерлер үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери каралды.
Ошондой эле органикалык продукцияны экспорттоо, сертификаттарды өз ара таануу жана дыйкандардын сертификациялык чыгымдарын субсидиялоо боюнча сунуштар айтылды. Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмалар берилди.