Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Учурда ал Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан эл аралык форумга катышып жатканы айтылууда.
Эскерте кетсек, Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык форумуна Нобель сыйлыгынын ээси жана Кытайдын Жазуучулар союзунун төрагасы Мо Янь баштаган бир нече өлкөлөрдөн жазуучулар, илимпоздор келди.