Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү форум боюнча казак журналистине эмне деди? (видео)

Ысык-Көлдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов негиздеген эл аралык Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Форумга казакстандык теле алып баруучу жана блогер Динара Сатжан да келип, президент Садыр Жапаровдон алып үлгүргөн маегинин видеосун жарыялады.

Анда өлкө башчысы улуу жазуучунун ишин улантуу маанилүү экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, форум 1986-жылы дүйнөлүк интеллектуалдарды, илимпоздорду жана маданият өкүлдөрүн ортосунда расмий саясаттын чегинен тышкары эркин диалог жүргүзүү максатында түзүлгөн. Алгачкы жолугушуу Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп, ага ошол мезгилдин 18 көрүнүктүү ойчулу катышкан.

Быйылкы мааракелик иш-чарага кытайлык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь баштаган бир катар өлкөлөрдүн жазуучулары, илимпоздору катышууда.

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү форум боюнча казак журналистине эмне деди?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан