Футбол-2026: АКШ Дүйнө чемпиондугунда плей-офф баскычына чыккан экинчи команда болду
АКШнын футбол боюнча курама командасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына мөөнөтүнөн мурда чыккан экинчи команда болуп калды. Тайпалык баскычтын 2-турунда америкалыктар Австралиянын курама командасын 2:0 эсебинде жеңишти.
Беттеш АКШнын Сиэтл шаарындагы стадионунда өттү. Оюндун башкы калысы болуп германиялык калыс Феликс Цвайер иштеди.
АКШ курамасы алгачкы эки турдун жыйынтыгында 6 упай топтоп, плей-оффко чыга алды. Ал эми Австралиянын эсебинде 3 упай калды.
Буга чейин 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына алгачкылардан болуп Мексика курама командасы чыккан.