Биз социалдык тармакта

Сүлүктүдө катуу сел жүрдү (видео)

Кечээ, 19-июнда саат 17:10 чамасында Баткен облусунун Сүлүктү шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Кош-Булак аймагынан түшкөн сел суулары шаардагы бир нече көчөлөрдү каптап, турак жайларга жана социалдык объектилерге зыян келтирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, сел суулары №4 орто мектептин, педагогикалык колледждин жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөлөрүнө кирген. Ошондой эле унаа жолдору жана көпүрөлөр жараксыз абалга келип, айрым жол тилкелери бузулган.

Мындан тышкары, Ибрагимов көчөсүндө бир электр мамычасы кулап, тирөөч дубалдын бир бөлүгү талкаланган. Учурда келтирилген чыгымдардын көлөмү такталып, тиешелүү кызматтар калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Баткенде сел жүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан