Чүй облусунун Токмок шаарында алдамчылыкка шектелген 2007-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалды.
Облустук милиция билдиргендей, ал өзүн оператор жана УКМК кызматкери катары тааныштырып, жашы жете элек кыздын жеке маалыматтарын алып, үй-бүлөнү коркутуу жолу менен 500 миң сом жана алтын зер буюмдарын алдырткан.
Кылмыш иши козголуп, жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.