Биз социалдык тармакта

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

Милицияга кайрылган жарандын айтымында, шектүү бизнес ачып берем деген шылтоо менен 1 миллион 836 миң сом акча алып, изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө 1991-жылы туулган А.М. кармалып, соттун чечими менен 3-июлга чейин №1 тергөө абагына камалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан