Биз социалдык тармакта

Куткаруучулар энелерди көтөрүп өтүп... Таласта сел жүрдү

Кечээ, 20-июнда Талас районундагы Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, эс алуучу жайга баруучу жол менен унаа өтүүчү көпүрө жараксыз абалга келди. Кабарды ӨКМдин маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары ыкчам тартылып, жолдун аркы бетинде калган жарандарды коопсуз аймакка чыгарышты. Натыйжада 50гө жакын эс алуучу аман-эсен эвакуацияланды.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда тиешелүү кызматтар кырдаалды көзөмөлдөп, келтирилген зыяндын көлөмүн тактоодо.

Таласта сел жүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан