Биз социалдык тармакта

Төлөйкөндө сел жүрүп, ички жолду жаап калды (видео)

Кечээ, 20-июнь саат 18:52 чамасында Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Төлөйкөн айылынын Зымырык-Сай сайында сел жүрүп, ички чарбалык жолду суу каптады.
Мэриядан билдиргендей, сел суусу түтүктөргө батпай ашып кетти. Ошондой эле "Керемет" балдар бакчасынын короосуна да кирди. Жабыркагандар жок.
"Кырдаал Ош шаарынын мэриясынын толук көзөмөлүндө. Окуя болгон жерге шаар мэринин орун басарлары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана тиешелүү шаардык кызматтар барды. Учурда тазалоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп жатат. Каттам кечинде ачылды", - деди мэриянын маалымат кызматы.
Төлөйкөн
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан