Биз социалдык тармакта

Оштогу сел суусуна айдоочу унаасы менен агып кете жаздады (видео)

Кечээ, 20-июнда Ош шаарынын Төлөйкөн аймагында жүргөн селдин кесепеттери боюнча ӨКМ маалымат берди.

Такталган маалымат боюнча, Зымырык-Сай тилкесинде Ак-Буура–Араван каналы аркылуу сел түшүп, Сайдиев көчөсүндө жайгашкан бир бала бакчанын короосун жана ички чарбалык жолдун айрым тилкелерин каптаган.
Мындан тышкары Matiz үлгүсүндөгү жеңил унаадагы 1 жаран сел суусуна агып кетип, жергиликтүү тургундардын ыкчам аракети менен куткарылды.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 25 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 32 кызматкер тартылган. Ошондой эле 4 Howo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа, 2 экскаватор жана 1 жүктөгүч техника иш алып барууда.
Жалпысынан селдин кесепеттерин жоюу иштерине 57 адам жана 7 техника тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Оштогу сел суусуна айдоочу унаасы менен агып кете жаздады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан