Биз социалдык тармакта

Селден улам Ак-Сай айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди (видео)

Кечээ, 20-июнда жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен Баткен районунун Ак-Татыр, Ак-Сай, Самаркандек жана Суу-Башы айыл аймактарында сел жүрдү.
Натыйжада Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу облустук администрациядан билдирди.
Маалым болгондой, тартылган күч жана каражаттардын жардамы менен Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылынын Дахма тилкесиндеги жалпы 20 турак үй тазаланды. Анын ичинен 5 турак үйдүн ичи жана 15 турак үйдүн жер төлөсү сел калдыктарынан тазаланды.
Ал эми 29 турак үйдүн короосуна жана 8 чарбалык курулушка кирген сел суулары жерге сиңип кеткен. Мындан сырткары 600 метр ички чарбалык жолду кум-шагыл каптаган.
Селдин кесепетинен 2 турак үй авариялык абалга келип, алардын жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлдү.
"Ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иштери бүгүн, 21-июнда, улантылууда. Ал эми Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак айылында Тамаша-Сайдан келген сел суулары сел сайы аркылуу өз нугу менен агып өткөн. Турак үйлөргө жана мал-жандыктарга зыян келтирилген эмес. Облус жетекчиси Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында сел жүргөн аймактарда жеринде ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү ыкчам иш алып барышты. Облус аймагындагы бардык жол каттамдары ачык. Калыбына келтирүү иштери уланууда", - деп белгиленген маалыматта.
Баткен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан