Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүк ташуучу унааны агызып кеткен. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады.
Күбөлөрдүн айтымында, унааны Кытай жараны башкарып бара жаткан. Бирок кырсык болгон учурда айдоочу унаанын ичинде болгон-болбогону азырынча белгисиз.
Учурда окуянын бардык жагдайлары тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.