Биз социалдык тармакта

Бишкектеги курулушта чет өлкөлүк жарандардын ортосунда мушташ чыкты (видео)

Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин бирине жакын жайгашкан жатаканада жашап, ошол жерде эмгектенген чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы чыр-чатак тартылган видео тарады.

Октябрь райондук милициясы тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштап, окуя боюнча маалымат берди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө аталган окуя 14-майда болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгында жаңжалдын негизги уюштуруучусу болуп саналган 1993-жылы туулган чет өлкөлүк жаран L.B. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча жоопкерчиликке тартылды. Ага карата тиешелүү протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Мындан тышкары милиция кызматкерлери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте курулуш компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерип, чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө мыйзамдуу жүргөндүгүн жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берген документтерин карап чыгышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында миграциялык мыйзамдарды же чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу талаптарды бузуу фактылары аныкталган эмес.

Ички иштер органдары коомдук тартипти камсыз кылуу, жарандардын коопсуздугун сактоо жана мындан ары ушундай көрүнүштөргө жол бербөө максатында зарыл болгон иш-чараларды улантууда.

Бишкектеги курулушта чет өлкөлүк жарандардын ортосунда мушташ чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан